Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коронавирус илдети аныкталган аймактардагы 752 080 метр автоунаа жолу дезинфекцияланды. Мындан тышкары блокпосттор да зыянсыздандырылган.
Министрликтин куткаруучулары тарабынан 7-апрелге карата 12077 орундуу обсервациялык жайлар даярдалды. Обсервациядагы жарандарга ысык тамак-аш жеткирилүүдө.
Санитардык карантиндик жана блокпостторго Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 120 чатыр, 56 көчмө үй тургузуп берди.
112 ыкчам номуруна акыркы суткада 8295 жолу телефон чалынган, анын ичинде 682си коронавируска байларыштуу.
7-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 228 адамдан табылды, алардын төртөө каза болду, 23ү айыгып чыкты.
Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Мектептер, бала бакчалар, окуу жайлары, соода борборлору, көңүл ачуу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар, транспорт, айрым ишканалар ишин токтоткон. 25-марттан тартып Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал режими киргизилген. (ZKo)