Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Борис Жонсон дагы эле реанимацияда жатат


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон эң мыкты медициналык жардам алып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин өкүлү Майкл Гоув 7-апрелде Би-Би-Сиге билдирди.

«Премьер-министр реанимацияда. Аны медициналык команда карап жатат. Ал Сент-Томастагы топтун абдан, абдан мыкты жардамын алууда. Биз үмүттөрүбүз, дубаларыбыз ал жана анын үй-бүлөсү менен» - деди Гоув.

55 жаштагы Жонсон коронавирус жугузуп алганы 27-мартта белгилүү болгон.

Жонсон коронавирус жугузуп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Дене табы түшпөгөндүктөн 5-апрелдин кечинде Лондондогу Сент-Томас госпиталына жаткырылган. 6-апрель түштөн кийин абалы начарлап реанимация бөлүмүнө которулган эле.

Британия коронавирустан катуу жабыркап жаткан 10 өлкөнүн катарында. Ушул тапта COVID-19 илдетине чалдыккандар 52 миңге чамалады. Жаңы вирусту жугузгандардын 10% ашыгы көз жумду. 135 киши айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG