Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Орусияда акыркы суткада 1154 кишиден коронавирус табылды


Орусиядагы социалдык эскертүүлөрдүн бири.
Орусиядагы социалдык эскертүүлөрдүн бири.

Орусияда 7-апрелдин таңына карата дагы 1154 адам коронавирус жугузганы аныкталды. Алардын жарымынан көбү борбор Москвада.

Илдетке чалдыккандардын жалпы саны 7,5 миң кишиге жетти. Вирустун таралышына каршы түзүлгөн ыкчам штаб акыркы бир күндө COVID-19 кесепетинен 11 киши көз жуумп, курмандыктар 58 адамга жеткенин билдирди.

Бир апта ичинде Орусияда коронавирус жугузганы аныкталгандар үч эсе көбөйдү. Роспотребнадзор 800 миңдей адамды коронавируска карата тесттен өткөргөнүн билдирүүдө.

Кырдаалга байланыштуу өлкөдө 30-апрелге чейин иш токтогон.

XS
SM
MD
LG