Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

COVID-19: Кыргызстанда атайын эсепке 104 миллион сомго жакын акча чогулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш үчүн атайын ачылган эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы 6-апрелге карата 103 млн. 946 миң 301 сомду түздү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Буга чейин Кыргызстанда атайын эсепке түшкөн каражаттан коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 38 559 307 сом бөлүнөрү кабарланган.

Эсеп илдетке каршы күрөш иштерин жүргүзүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөрдү жана кайтарымсыз каражаттарды кабыл алыш үчүн ачылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG