Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Кытай бийлиги COVID-19 тараган Ухандагы чектөөлөрдү алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайда 8-апрелдин түнүндө Ухань шаарына коюлган чектөөлөр алынып, COVID-19 вирусунун алгачкы очогу болуп саналган аймакка кирип-чыгуу калыбына келтирилди.

Хубэй провинциясындагы бул шаар январдын аягынан бери толук изоляцияда болчу. 7-апрелде ал жерде коронавирус бирөө-жарымга жуккан учур катталган жок.

Карантин маалында бардык окуу жайлары жабылып, коомдук транспорт токтотулган. Шаардан тургундарына олуттуу себепсиз башка аймакка чыгууга уруксат берилген эмес.

Хубэй провинциясында абал оңоло баштаганы марттын аягында белгилүү болгон.

Жаңы СOVID-19 вирусу Кытайда 2019-жылдын декабрынын соңунда тараган. Андан бери өлкөдө 82 500дөн көбүрөөк адамга илдет жугуп, 3300дөн ашууну жашоо менен кош айтышты, көбү айыгып чыкты.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, коронавирус 184 мамлекетке жайылды.

COVID-19га чалынгандардын саны 8-апрелге карата карата 1 миллион 426 миң адамдан ашты. Алардын 82 миңдейи көз жумду. 300 миңден көбү айыгып кетти.

Кайтыш болгондордун саны жагынан ушу тапта Италия алдыда турат. Оору жуккандардын эң көбү АКШда. Андан кийин Испания, Италия, Германия, Франция жайгашкан.

XS
SM
MD
LG