Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Абдикаримов: Жалпы элди коронавируска текшерүүгө мүмкүнчүлүк жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жапырт элди COVID-19 вирусуна текшерүүгө адистер жана лаборатория жетишсиз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусунда маалымдады.

«Жалпы кыргыз элин тесттен өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Себеби, бизде 15тей эле атайын адистер бар, ал эми 10 эле лабораториябыз бар», - деди министр.

Ошондой эле министр азырынча жеке менчик медициналык мекемелерге өз алдынча тест тапшырууга уруксат бериле элек экенин маалымдады. Анын себебин Абдикаримов жеке лабораториялар тийиштүү жабдыктар, коопсуздук чаралары менен камсыз болбогону менен түшүндүрдү.

Буга чейин коомчулукта жарандарды коронавируска массалык текшериш керек деген демилгелер көтөрүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG