Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

ИИМ: 8-апрелге карата 92 адам коменданттык сааттын талаптарын бузду


Бишкектеги блокпост. 31-март, 2020-жыл.
Бишкектеги блокпост. 31-март, 2020-жыл.

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 92 адам кармалган.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында - 58, Ош шаарында - 5, Жалал-Абад шаарында - 12, Сузак районунда - 15, Кара-Суу районунда - 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ноокатта коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2101 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, коё берилди.

Эпидемиологиялык абалдан улам Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

7-апрелге карата берилген маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 228 адам COVID-19 илдетин жугузуп алышкан. 23 киши оорудан айыкты. Төрт адам илдеттен көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG