Кыргызстанда 8-апрелге карата соңку бир суткада коронавирустун жаңы түрү дагы 42 кишиде аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Алардын ичинен:
Ош облусунда - 24
Бишкек шаарында - 10
Нарын облусунда - 5
Чүй облусунда - 2
Жалал-Абад облусунда - 1 киши катталган.
Жаӊы катталган 42 кишинин 16сы - эркек, 26сы - аял. Инфекция жуккандардын арасында 13 медицина кызматкери бар.
Ошентип, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда бул илдет жуккандардын саны 270, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты.
25-марттан 15-апрелге чейин жаңы коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. (RK)