Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

«Кумтөр» бир жылдык ишинин жыйынтыгын жарыялады


2019-жылы «Кумтөр» кенинде 18 668 кг алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу ишкананын расмий сайтында жыл жыйынтыгы боюнча жарыяланган маалыматта айтылат. Бул алтынды сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 827 млн долларды түздү.

Мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө дээрлик 15 миллиард сомдон ашуун каражат которулду.

Ошону менен катар киреше менен пайданын өсүшү 2018-жылга салыштырганда 25% жана 38% болду.

Кумтөр алтын кенин канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясы иштетет. Кыргызстандын андагы үлүшү азыр 26,4% түзөт.

Компания 2016-жылдан бери биринчи ирет акционерлерине дивиденд төлөп бермей болгону жакында маалым болгон. Таза пайдадан түшкөн үлүш катары анын 2,2 миллион доллары Кыргызстанга бөлүнөт. Муну бир катар талдоочулар Кумтөр алтын кенинин ээси болгон эң ири акционерге көп жылдан бери дивиденд төлөнбөгөнү аз келгенсип, эң эле аз өлчөмдөгү каражат каралган деп сыпаттоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG