Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Кыргызстанда жашоо минимуму 10,4% кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Негизги тамак-аш азыктарынын кымбатташынан улам быйылкы жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда жашоо минимуму былтыркы жылдын алгачкы үч айына салыштырганда 10,4 көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл январь-март айларында жашоо минимумунун нарктык чоңдугу киши башына 5167 сомду түздү. Мындай көрүнүш республиканын бардык аймактарында байкалды.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда бүгүнкү күндө жумушсуздардын жалпы саны 156 миң адамдын тегерегинде.

Март айында өлкөдө сомдун долларга карата курсу дээрлик 12 сомго арзандашы жана коронавируска байланыштуу чек аралар жабылганы азык-түлүктүн кымбатташын шарттады. (RK)

XS
SM
MD
LG