Ош шаарында бир милиция кызматкери жубайы менен өзүнчө обсервацияга жайгаштырылды. Буга жубайынын жаңы коронавирус аныкталган адамдын үйүнө тойго барганы себеп болгон.
Бул тууралуу Ош облусунун коменданты Малик Нурдинов 8-апрелде брифингде билдирди. Комендант ошондой эле иш үстүндөгү милиция кызматкерлеринин саламаттыгы көзөмөлдө экенин белгиледи:
«Обсервацияда жана карантинде жаткан жарандарды кайтарып турган милиция кызматкерлери 14 күндүк нөөмөтү бүткөндөн кийин экспресс-тесттен өтүшөт. Эгер кандайдыр бир шек болсо, алар да обсервацияга алынат», - деди Малик Нурдинов.
Мындан тышкары коронавирус жугузганы аныкталган адамдарды ташыган, ооруканага жеткирген милиция кызматкерлери да карантин мөөнөтү бүткөн соң коопсуздук максатында обсервацияга жиберилет.
Ош облустук комендатурасынын маалыматы боюнча, учурда төрт милиционер обсервацияда. Баарынын алгачкы анализдери таза чыккан, клиникалык симптомдору да байкалган эмес.
8-апрелге карата Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясын жугузгандардын саны 228 адамга жетти. Алардын 32си дарыгерлер. Оорудан 23 адам айыгып чыкты, 4 киши көз жумду. (ZKo)