Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Бишкектин карантин зонасы дагы кеңейтилди


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте карантин зонасы дагы кеңейтилди. Бул тууралуу 8-апрелде шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди:

«Түштүк багытта Түштүк магистралга, түндүк багытта Чоң Чүй каналына, чыгыш багытта Валиханов көчөсүнө, батыш багытта Садырбаев көчөсүнө чейин кошумча блокпосттор коюлду».

Бишкекте коронавируска каршы дезинфекция жүргүзүш үчүн карантин зонасы 26-мартта түзүлө баштаган. Ахунбаев, Чапаев, Жаш Гвардия, Жибек Жолу, Осмонкул, Салиева, Курманжан датка, 7-Апрель көчөлөрүнө тосмо коюлган.

Бул зонага мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер, күч түзүмдөрүнүн, банк системасынын кызматкерлери жана азык-түлүк, дары-дармек менен камсыздоочу жумушчулар гана күбөлүгүн көрсөтсө кире ала тургандыгы айтылган.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек, күндүз 1,5 чакырым радиуста азык-түлүккө, дары-дармекке жана ооруканага гана чыкса болот. (RK)

XS
SM
MD
LG