Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Казак Мажлиси митинг жөнүндө мыйзамды жактырды


Алматыдагы тынч митинг. 9-ноябрь, 2019-жыл.
Алматыдагы тынч митинг. 9-ноябрь, 2019-жыл.

Казакстан парламентинин Мажилиси 8-апрелде митингдер тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Казак депутаттары аны өлкөдө өзгөчө абал өкүм сүрүп турган өткөн айдан бери талкуулап жатышат.

Мыйзам долбоорун «эл аралык стандарттарга туура келбейт», «чектөөлөр көп» деп укук коргоочулар жана жарандык активисттер сындап чыгышкан эле. Ошол эле учурда коронавирустан улам эл үйүндө отурган кыйчалыш учурда кабыл алынып жатканы да нааразылык жаратып, активисттер талкууну кийинкиге жылдырууну бийликтен өтүнүшкөн.

Экинчи окуудан өткөн соң мыйзам долбоору парламенттин экинчи палатасы – Сенатка жөнөтүлөт. Ал жактан колдоо тапса президенттин кол коюусуна жиберилет.

Тынч жыйындарга чогулуу тууралуу өлкөдөгү азыркы мыйзам уюштуруучуну иш-чаранын алдында уруксат алууга милдеттендирет. Көп учурда жергиликтүү бийлик кайрылгандардын өтүнүчүн канааттандырбайт.

XS
SM
MD
LG