Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Ошто судьядан жабыркаган милиция тосмо арыз жазганы айтылууда


Блокпостто кызмат өтөп жаткан милиция кызматкери. Ош шаары, 25-март.
Блокпостто кызмат өтөп жаткан милиция кызматкери. Ош шаары, 25-март.

"Ош шаарында коменданттык тартипти бузганы үчүн кармалган судьяга карата милиция кызматкери тосмо арыз жазды" деген маалыматты комендатура бышыктай элек. Оштогу комендатуранын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев "Азаттыкка" буларды айтты:

«Саат 12:00гө чейинки мендеги маалымат боюнча тосмо арыз келген жок. Кечээ тосмо арызды берген болсо, бүгүн келип түшүшү мүмкүн. "Жазган эмес" деп да так кесе айта албайм. Тосмо арыз жазып, эки тараптын өз ара табышып алуусу процесстин жүрүшүндө боло турган нерселер».

Буга чейин бейрасмий булактарда судьяны кармаган милиция кызматкери арызын кайра кайтарып алуу боюнча тосмо арыз жазганы кабарланган.

6-апрель күнү кечинде коменданттык сааттын шарттарын бузуп, мас абалында кармалган Ош облустук сотунун М.К. аттуу судьясы милиция кызматкерине кол көтөргөнү тууралуу расмий маалымат таратылып, бирок аты-жөнү толук аталган эмес. Бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары кармалган М.К. аттуу судья Ош облустук сотунун судьясы Мыктыбек Касымалиев болушу мүмкүн деп жазып чыгышты.

Милицияга кол көтөргөн судьянын иши Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 355- беренеси («Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу») боюнча сотко чейинки териштирүүгө алынган.


Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов, судья Анар кичи районундагы өзүнүн үйүнүн жанында кармалганын "Азаттыкка" билдирген:

«Бул окуя блок-постто болгон эмес. Судья 6-апрель күнү кезек боюнча жумушка барып үйүнө кайткан. Судья үйүнө кирип кеткенден кийин аны жеткирип келген кишини милиция кызматкерлери кармаган учурда ал сыртка чыгып, "убакыт бар" деп айткан. Анан аны да кармап кетип калышкан. Ошондон улам түшүнбөстүктөр келип чыккан.»

Бул окуя боюнча сөз болуп жаткан судьядан жана милиция кызматкеринен комментарий алуу мүмкүн боло элек.

ИИМдин маалыматына караганда, өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 92 адам кармалган.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып жалпы республика боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. (DU)

XS
SM
MD
LG