Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Бириккен Улуттар Уюму Баткенге 113 тонна азык-түлүк берди


Баткенде БУУнун жардамы таркатылууда.
Баткенде БУУнун жардамы таркатылууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк программасы тарабынан Баткен облусунда 690 үй-бүлөнүн ар бирине 150 кг байытылган буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы таратылып жатат. Таратылган азык-түлүктүн көлөмү 113 тоннаны түзөт.

Долбоордун алкагында азык-түлүк жардамы элге буга чейин коомчулук үчүн керектүү жумуштарды аткарганы үчүн берилип келген.

Белгилей кетсек, азык-түлүк облустун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, 2020-жылдын март айында багбанчылык, агротехнологиялык, ветеринардык кыска окутуу курстарынан өткөн жарандарга берилди.

Бул окутууга Баткен облусунда жашаган жумушу жок, аз камсыз болгон, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар үй-бүлөлөр катышкан. Окутуунун максаты - жарандардын турмуш шартын жакшыртуу жана кайсы бир багытта иш баштоосуна көмөктөшүү. (JsA)

XS
SM
MD
LG