Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:41

Боронов кайткысы келген мигранттарды илдет азайганча күтө турууга үндөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү мекенине кайтууга жардам сурап жаткан сырттагы мигранттарына кайрылып, коронавирустун активдүү фазасы аяктаганча жолго чыкпай турууга чакырды. Бул тууралуу 8-апрелдеги басма сөз жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ошону менен катар ал өкмөт тышта жүргөн жарандарын алып келиш үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканын айтты:

«Сырттагы жарандар боюнча кабарыбыз бар. Саны да бар. Мисалы, Түркияда, Дубайда, Орусияда биздин жарандар келебиз дегендер бар. Элчиликтер иштеп жатат. Бирок, өзүңөр жакшы билесиздер, бардык мамлекеттер сырттагы жарандарын коронавирустун активдүү фазасы бүткөнчө чыкпай, күтүп туруш керек деп кеңеш берип жатат. Биз да ошондой кеңеш беребиз, бирок кайсы бир жараныбыз келем десе, алып келүүгө сөзсүз аракет кылабыз».

Боронов кошумчалагандай, жалпысынан 20-марттан бери бүгүнкү күнгө чейин чет мамлекеттерден чартердик рейс менен 4769 кыргызстандык алынып келди.

«Азаттык» радиосуна жүздөгөн мигранттар кайрылып жатат. Алар өкмөттөн жолун таап, алып кетүүнү суранууда. (RK)

XS
SM
MD
LG