Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 03:46

Боронов: Ооруга чалдыккан медкызматкерлерге компенсация төлөнөт


Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери. 26-март, 2020-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар шартында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине компенсация төлөнөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелдеги ондайн брифингде билдирди. Бороновдун айтымында өкмөттө буга байланыштуу документ даярдалып жатат:

"Мен азыр суммасын айтпай эле коеюн, бирок, бул документ чыккандан кийин буюрса ишке кирет. Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкерибиз ооруга чалдыгып калса компенсациясын алат."

Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле кызматтык милдетин өтөп жатып "коронавирус жуктуруп, ошонун негизинде каза болуп калган медицина кызматкердин үй-бүлөсүнө дагы атайын өлчөмдөгү компенсация төлөнөт" деди.

Мурдараак коронавируска каршы туруу боюнча штаб тараткан маалыматта кызматтык милдетин аткарып атып COVID-19 илдетине чалдыккан медкызматкерге 200 миң сом, ушундай эле жагдайда каза болуп калган кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом акчалай компенсация төлөнөрү белгиленген.

Бороновдун айтымында «дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат". Биринчи вице-премьер март айына кошумча каралган төлөмдөр чындыгында кармалууда, бул кемчилик коронавирустун жайылышына каршы иштеген кызматкерлер жөнүндө туура эмес маалыматтар берилгенинен улам кеткенин билдирди. Анын сөзүнө караганда кээ бир аймактарда коронавирустун жайылуусуна каршы иштеген дарыгерлердин саны бурмаланып берилип, атайылап көбөйтүлгөнү аныкталган.

Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 8-апрелге карата дагы 13 кишиге көбөйдү. Жалпысынан бул илдетке чалдыккан дарыгерлердин саны 32 кишиге жетти.

Булардын ичинен аймактар боюнча катталганы:

Ош облусунда - 20

Жалал-Абад облусунда - 7

Бишкекте шаарында - 4

Баткен облусунда – 1 киши.

Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин өзгөчө абалда иштешин жөнгө салуучу мыйзам долбоору даярдалууда. Анда өзгөчө абал учурунда иштеген дарыгердин айлык акысы, эгер ооруну жугузуп алса же ошол илдеттен каза тапса төлөнө турган жөлөкпулдун өлчөмү жазылат. Мыйзам долбоорун парламент дароо үч окууда карап, кабыл алып бергени жатканы айтылган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG