Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

Милиция: Пакистандан келген дааватчыга иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди. Анын айтымында, Нарында алгачкы болуп коронавирус табылган, Пакистандан дааваттан келген киши тиешелүү чектөөлөрдү бузуп, санитардык эрежелерди сактабай жаткандыктан чара көрүү зарылдыгы келип чыккан.

Иш Жазык кодексинин 280-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал киши учурда изоляцияда болгондугуна байланыштуу тергөө иштери ал сакайгандан кийин башталат. Учурда кошумча маалымат топтош үчүн иликтөө жүрүп жатат.

Нарын милициясынын маалыматына ылайык, бул жаран Пакистанга дааватка 2019-жылдын ноябрь айында кетип, Кыргызстанга 15-мартта кайтып келген. 30-марта андан коронавирус илдети табылган. Аны менен байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрүнөн, тактап айтканда аялы менен уул-келининен да коронавирус илдети аныкталган.

Буга чейин ал жаран Интернетте эч кандай ооруга чалдыкпаганын, дарылануудан баш тартып жатканын жана үй-бүлөсү дары ичкенден кийин ден соолугу начарлаганын айтып берип жаткан видео тараган. (MiK)

XS
SM
MD
LG