Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Кличко: коронавирус спортчуларды кыйгап өтпөйт


Виталий Кличко.
Виталий Кличко.

Киевдин мэри, бокс боюнча дүйнө чемпиону болгон Виталий Кличко карантин учурунда изоляцияда отурбай, спорт аянтчаларына шашкандарды сынга алды.

«Эгер спортчулар вирустан корголгом деп ойлосо, андай эмес. Укмуш формасын жоготуп алуудан чочулагандар эрежени тоготпоо менен саламаттыгынан эле эмес, өмүрүнөн да ажырап каларын түшүнүшү керек. ​Вирустан жабыркаган киевдиктердин көбү жаш же орто курактагылар. Башкача айтканда шаардын белдүү жарандары», – деди Кличко.

8-апрелге карата Украинада коронавирус жуккандар 1700 кишиге жетти. Алардын 52си көз жумду. 35 гана киши айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG