Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Түркия менен Дубайда 600дөн ашык кыргызстандык мекенине келе албай турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-марттан бүгүнкү күнгө чейин чартердик рейстер аркылуу чет өлкөдөн 4769 кыргызстандык мекенине алынып келди. Учурда Түркияда 360, Дубайда 300 кыргыз жараны келе албай жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кабарлады. Анын айтымында, сырттагы мекендештерди алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

«Биз тышта жүргөн бардык жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер катуу иштеп жатышат. Болгон аракеттерди көрүп жатабыз», - деди Боронов.

Ушул күндөрү Орусиядагы жүздөгөн кыргызстандыктар мекенине кайта албай турушат. (TSh)

XS
SM
MD
LG