Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

COVID-19: дүйнөдө илдет жуккандар 1,5 миллиондон ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, коронавируска чалынгандардын саны 9-апрелге карата 1 миллион 511 миң адамдан ашты. Алардын 88 миңден ашуун киши көз жумду, 330 миңдейи айыгып чыкты.

Оору жуккандардын эң көбү АКШда - 429 миңден көбүрөөк.

Оору жуккандар Испанияда 148 миңден, Италия 139 миңден, Германияда жана Францияда 113 миңден ашты. Европанын башка өлкөлөрүндө, Иранда жана Түркияда да ооругандар көп. Ал эми коронавирус тутанган Кытайда ооругандар 82 800гө жеткен. Алардын көбү айыгып, өлкөдө карантин жоюлуп жатат.

Кыргызстанда 8-апрелдеги расмий маалыматтарга ылайык, COVID-19 вирусу 270 адамга жукканы аныкталды, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG