Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун абалы туруктуу


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ооруканада интенсивдүү дарылануусун улантып жатат. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Эдвард Аргар өкмөт башчынын ден соолугу туруктуу экенин билдирди. Аргар Жонсон «Ыйык Фома» ооруканасындагы дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган жок.

«The Times» басылмасынын маалыматына ылайык, Жонсондун дене табы төмөндөдү. Ал эми «Daily Telegraph» гезити премьер-министр британиялык мыкты адистердин көзөмөлүндө экенин жазды.

Жонсондун өтүнүчү менен өкмөт башчылык милдетти мойнуна алган тышкы иштер министри Доминик Рааб премьер-министрди «каарман» деп атап, ал ишине сөзсүз кайтып келип, өлкөнү кризистен чыгара турганын айтты.

Британияда COVID-19 илдетинен жети миңге жакын киши каза болду. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө илдетти жуктургандардын саны 60 миңге жетти. 345 адам бул ооруну жеңип чыкты.

XS
SM
MD
LG