Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

9-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы 10 адамдан табылды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 9-апрелге карата жаңы коронавирус дагы 10 адамда аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Жаңы вирус аныкталгандардын бирөө - Бишкекте, бирөө - Аксыда, бирөө - Ноокатта, үчөө - Ош шаарында, төртөө - Сузакта.

Каратаевдин айтымында, жаңы катталгандардын арасында Ош шаарынан жана Аксы районунан эки медицина кызматкери бар. Ошентип, бул илдетке чалдыккан дарыгерлердин саны 34кө жетти.

9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 жуккандардын жалпы саны 280 болду, алардын төртөө каза тапты.

280 адамдын арасынан:

Ош облусунда – 98

Жалал-Абад облусунда – 86

Ош шаарында – 36

Бишкек шаарында – 36

Нарын облусунда – 10

Чүй облусунда – 7

Баткен облусунда – 4

Ысык-Көл облусунда – 3

COVID-19 инфекциясын жугузган кыргызстандык 280 жарандын ичинде 147 аял, 133 эркек бар.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG