Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Кыргызстандын медиакоомчулугу өкмөткө жана комендатурага сунуш киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын медиа коомчулугу өкмөткө жана Бишкек комендатурасына кайрылып, өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишин жөнгө салуунун жолун сунуш кылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиевге багытталган кайрылууда бүгүнкү күндө республикалык штаб жөнөткөн жана брифингдерде айтылган маалыматтын көбү жараксыз болуп, журналисттердин суроолору жоопсуз калып жатканы айтылат.

Республиканын каалаган аймагына барып, тоскоолдуксуз иштөө укугуна мамлекеттик каналдар ээ экени, бирок алар коомчулукту кызыктырган курч суроолорду бербегендиктен, элдин маалымат алуу укугу чектелип жатканы да белгиленди.

Кайрылууда айтылгандай, Конституцияда жана мыйзамдарда өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине тыюу салуу же чектөө чаралары каралган эмес.

Түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолу катары Казакстандын тажрыйбасы сунуш кылынды.

Кайрылууда «Казакстанда ЖМК уруксат берилген жана убактылуу жабылбай турган ишмердүүлүктүн тизмесине кирди. Басылманын башкы редактору кол койгон кызматтык күбөлүк жана тапшырма кагазы болсо ЖМК өкүлдөрү чектөөсүз иштей алат» деп айтылат.

Ошону менен катар кыргызстандык медиа коомчулук өкүлдөрү өз кайрылуусунда «XXI кылымда ар бир адамдын колунда телефон жана Интернет бар болгондуктан ал маалыматтын, анын ичинде так эмес жана жалган кабардын таратуучусу боло алат. Ошондуктан ушак-айың, фейк маалыматтардын таркашына бөгөт коюш үчүн комендатура ЖМКга маалымат чогултуу укугун бериши керек» деп жазылды.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын 30-мартта ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирген.

Анын айтымында, мындай чектөөгө соңку абал боюнча жүргүзүлгөн талдоо себеп болгон.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.

Өзгөчө абал жарыялангандан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «фейк жана жалган маалымат таратты» деген негизде 20дан ашуун адамды кармады. (RK)

XS
SM
MD
LG