Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

30 400 даана ПЧР тест-система реагенттери менен сатылып алынды


COVID-19 вирусун аныктоочу тест-система. Иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 вирусун аныктоочу тест-система. Иллюстрациялык сүрөт.

Ислам өнүктүрүү банкына караштуу «Fael Khair Program» фонду аркылуу берилген грантка 30 400 даана ПЧР тест-система реагенттери менен сатылып алынды.

Аталган тест-системаларды сатып алууга Саламаттык сактоо министрлигинин өтүнүчүнө байланыштуу Ислам өнүктүрүү банкы 350 миӊ долларды грант катары берген. Тест-системалар 8-апрелде Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы жана Түркиядагы элчиликтеринин жардамы менен алынып келди.

Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына караштуу «Fael Khair Program» фондуна жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуккан дагы 10 учур катталды. Алардын бирөө Бишкекте, Ноокатта бирөө, Ош шаарында үчөө, Сузакта төртөө, Аксыда бирөө.

Жаңы катталгандардын арасынан экөө медицина кызматкери - бирөө Ош шаарында, экинчиси Аксы районунда. Ошентип, бул илдетке чалдыккан дарыгерлердин саны 34 кишиге жетти.

9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 жуккандардын жалпы саны 280 болду, алардын төртөө илдеттен көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG