Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-май, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Изилдөө: Аялдарга зомбулук тууралуу иштердин 11% гана сотко жеткен


Милиция бөлүмү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кыз-келиндерге карата зомбулук тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгында көпчүлүк иштер иликтенбей калып жатканы айтылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы кабарлады.

Уюмдун маалыматына караганда, аялдардын укуктарын талкуулаган онлайн жыйын өтүп, анда Бишкек жана Чүй облусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Аталган эки аймакта 2019-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин аялдарга карата жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу 444 факт кылмыш катары, 4132 факт жорук катары катталган. Арасында зордуктоо жана ала качуу окуялары бар.

Бул фактылардын 11% сотко жетсе, калган 89% баштапкы стадиясында эле токтотулган.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберди. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүрүп салды. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түштү. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылууда.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG