Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Ооган өкмөтү 100 талибди абактан бошотту


«Талибандын» абактан бошотулган адамдарынын бири. 8-апрель, 2020-жыл.
«Талибандын» абактан бошотулган адамдарынын бири. 8-апрель, 2020-жыл.

Ооганстандын өкмөтү «Талибан» кыймылынын 100 кишисин 8-апрелдин кечинде абактан бошотту. «Reuters» агенттиги тарткан видеодон Кабулдун түндүк жагындагы Баграм абагынан чыккандарды тууган-уругу тосуп, алып кетип жатканын көрүүгө болот.

«Ооганстанда тынчтык жана туруктуулук каалайм. Өлкөдө мындан ары согушту жана чыр-чатакты көргүм жок», - деди Шамс уль-Рахман аттуу эркиндикке чыгарылган талибдердин бири.

«Талибан» менен ооган өкмөтүнүн ортосунда акыркы 19 жылда куралдуу кагылыш токтогон жок. Бул тирешүүдө АКШ баш болгон эл аралык күчтөр ооган өкмөтүнүн аскерлерине көмөк көрсөтүп келет.

Кошмо Штаттар эки тарапты элдештириш үчүн сүйлөшүү да баштап, быйыл февралда Вашингтон менен «Талибан» мунасага келишкен. Ага ылайык, АКШ Ооганстандагы аскер күчтөрүн чыгарып кетип, талиб жоочулары куралын таштоого тийиш. Ошондой эле элдешүү үчүн сүйлөшүү эми ооган өкмөтү менен талибдердин ортосунда өтмөк. Ал үчүн «Талибандын» 5 миң жактоочусу өкмөттүк абактардан чыгарылып, миң киши талибдердин туткунунан бошотулушу керек эле.

Ички сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап, тараптар ага бири-бирин айыптап келишти. 7-апрелде эле талибдердин өкүлү «майнапсыз жолугушууларга» катышпай турганын билдирип, сүйлөшүү токтогон. Ал эми расмий Кабул аёсуз зомбулук үчүн айыпталган талиб командирлерин коё бере албай турганын билдирген. Жаңы бошотулгандардын тек-жайы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG