Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Йемендеги атышуу бир тараптуу токтотулду


Йемен
Йемен

Сауд Арабиясы баштаган коалиция Йемендеги атышууну эки аптага токтотконун жарыялады. Мындай чечим 9-апрелде чак түштө күчүнө кирди. Йемендеги хусит козголоңчуларына күрөшүп жаткан коалиция бул кадамга Улуттар Уюмунун согушту токтотуу аракетин колдоп, коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн барганын билдирди.

БУУ Саудия баштаган топтун соңку чечимин кубаттады. Март айында уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериш коронавирус пандемиясы күчөп жаткан шартта дүйнөнүн булуң-бурчундагы куралдуу кармаштарды токтотууга чакырган болчу.

Ал эми хуситтер атышууну тыяр-тыйбасы азырынча беймаалым. Козголоңчул топтун өкүлү Мохаммад Абдулсалам Йемен жаңжалын соңуна чыгарууну көздөгөн планын Бириккен Улуттар Уюмуна жолдогонун айтты.

2014-жылы жергиликтүү шиит жамааты жана Иран колдойт деген хуситтер Йемендин эл аралык коомчулук тааныган лидери Абд-Раббу Мансур Хадини бийликтен сүрүп чыгарган. Азиянын түштүк-батышындагы бул өлкөдө ошондон бери согуш басылбай келет. Саудия Хадинин бийлигин калыбына келтирүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG