Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Апрелдеги кар Борбор Азияны чыгымга учуратты


Самаркандга жааган кар. 8-апрель, 2020-жыл.
Самаркандга жааган кар. 8-апрель, 2020-жыл.

Борбор Азиянын көпчүлүк аймактарында 8-9-апрелде жааган кар электр энергиясын берүүнү үзгүлтүккө учуратып, дыйкандарды бейпайга салды.

«Азаттыктын» тажик кызматы Дүйшөмбү шаарынын айрым райондорунда жарык өчкөнүн кабарлады. Жергиликтүү дыйкандар айрым мөмө-жемиш бактарынын гүлүн үшүк алып кеткенин билдиришти.

Казакстандын Чымкент шаарында 8 миңдей үй жарыксыз калды.

Өзбекстандын «Аймактык электр тармактары» ишканасы өлкөнүн бир катар аймактарында бак-дарактардын шактары сынып, электр зымдары үзүлгөнүн, учурда оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кыргызстандын бир катар аймактарына да кар түштү. «Кыргызгидромет» 9-11 апрелде бир топ өрөөндөрдө үшүк жүрөрүн эскертүүдө.

Метеорологдор бул циклон Борбор Азияга Арктика тараптан Сибирь жана Урал аркылуу келгенин билдиришет.

XS
SM
MD
LG