Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

АКШда Байден Сандерстин идеяларын улантууга сөз берди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын президенттигине ат салышууну көздөп жаткан Жо Байден партиялаш атаандашы Берни Сандерстин жарыштан чыкканын кубаттап, анын идеяларын өз шайлоо өнөктүгүнө камтууга сөз берди.

«Ал жөн гана саясий үгүт жүргүзгөн жок, ал кыймыл жаратты. Бул элибиз, келечегибиз үчүн дурус. Бернинин өнөктүгү аяктаганы менен, азыр биз туш болгон, азыркы президенттин тушунда өлкөбүздө жаралган проблемаларды чечиш үчүн анын лидерлиги уланарын билем», - деди Байден.

Сенатор Сандерс талапкер болуп катталыш үчүн жүргүзүлгөн баштапкы добуш берүү – праймеризде мурдагы вице-президент Байденден кийинки орунду ээлеген. 7-апрелдеги маалыматтарга ылайык, Байден шайлоочулар коллегиясынын 1217 делегатынын колдоосуна ээ болгон, Сандерске 914 делегат ишеним көргөзгөн.

Эми Демократтар партиясынан Жо Байдендин талапкер болуп чыгышына жол ачылды.

Сандерс шаршембиде ички шайлоодо ийгиликке жетүү кыйын болорун түшүнгөн үчүн жарыштан чыкканын айткан. Сенатор Трампты «АКШнын азыркы тарыхындагы эң кооптуу президент» деп баалап, аны жеңиш үчүн Байден менен иштешерин билдирди.

XS
SM
MD
LG