Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 19:04

Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары 7 млн. сомго аз болору күтүлүүдө


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжол менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу 9-апрелде билдирди.

Ал Финансы министрлиги чыгымдардын планын жарыялаганда жалпы сумманы болжолдоп берерин, бирок карантинге байланыштуу бул айда көптөгөн иш-чаралар болбой турганын айтты.

Нуракун уулунун айтымында, акча аппарат кызматкерлеринин, эксперттердин иш сапарлары, кагаз-калем, имараттын ичиндеги пландалган оңдоп-түзөө иштери жана башка багыттар боюнча үнөмдөлөт. Ошону менен катар ал парламент депутаттары жеке өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан Коронавируска каршы фондго акчалай жана материалдык жардам которуп жатышканын кошумчалады.

Бүгүнкү күндө айрым маалымат каражаттарында Жогорку Кеңеш апрель айында 2 миллион сомдон ашыкча чыгымдай турганы жөнүндө маалымат тарап, парламент кескин сынга кабылууда.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы учур катталгандан бери 280 адам бул илдетке кабылып, төртөө каза тапты. 25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. Жогорку Кеңеш да 24-марттагы кезексиз жыйынында «өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавируска каршы түшүндүрүү жүргүзүү» деген негизде 15-апрелге чейин тараган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG