Туура үч ай мурун – 9-январда Кытайдын Ухань шаарында буга чейин белгилүү эмес коронавирустун жаңы түрүнөн алгачкы киши каза болгону аныкталган. Ошол күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өпкөнү сезгенткен илдетти коронавирустун жаңы түрү козгой турганын маалымдаган. Расмий маалыматка ылайык, Кытай дарыгерлери илдет козгоочу вирустун жаңы түрү экенин мурдараак аныктап, 2019-жылы 31-декабрда ага COVID-19 деген аталыш берген.
Кийин илдет Европа менен Америкага жетип, февралдын аягында коронавирустан каза болгондор кескин көбөйгөн. Учурда коронавирустун курмандыктары дүйнө жүзү боюнча 100 миң кишиге чамалап калды. Бирок оорунун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында азыр эпидемия басаңдады. Өлкөдө коронавирустун жаңы түрүнөн 3 миңден ашуун киши көз жумган.
Учурда Италияда 18 миң, АКШда 16 миң, Испанияда 15 миң, Францияда 12 миң, Британияда 8 миң киши COVID-19 илдетинен каза болду. Эпидемияга байланыштуу ондогон өлкөлөрдө өзгөчө абал киргизилип, катаал карантин чараларын көрүп жатышат. (TSh)