Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

10-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы 18 адамга жукту, бир бейтап каза болду (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 18 адамдан табылды. Ноокаттагы аймактык ооруканада бир адам каза болду. Ал 87 жашта болчу. Бул тууралуу 10-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Жаңы катталган 18 адамдын алтоо Бишкекте. Чүй облусунда сегиз (Кемин району – 6, Токмок шаары – 1, Аламүдүн району – 1), Жалал-Абад облусунда үч (Сузак району – 2, Жалал-Абад шаары – 1), Ысык-Көл облусунда 1 (Ак-Суу району).

Булардын ичинде аялдар - 7 аял, эркектер - 11. Жаңы катталгандардын бешөө - дарыгерлер.

Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 298 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG