Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Президент Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезексиз жыйынына катышат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйыны бүгүн, 10-апрелде видеоконференция форматында өтөт.

Азербайжан Республикасынын төрагалыгы менен өтө турган кезексиз жыйында коронавирус инфекциясына каршы туруу маселеси каралат. Илдеттин жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн чогуу аракеттенишинин маселеси талкууланат.

Видеоконференция форматындагы жыйынга Азербайжан президенти Илхам Алиев, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышат.

Ошондой эле жыйынга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебрейсустун катышаары күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG