Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Коммерциялык банктарга пенсия менен жөлөк пулдан комиссия алууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын кеңешмеси 9-апрелде кабыл алган токтомго ылайык, пенсионерлер жана жөлөк пул алуучулар «Элкарт» улуттук карточкасы аркылуу акчасын алган учурда комиссия алынбашы керек. Токтом менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттен пенсия, жөлөк пул алгандар кайсы банктан эсеп ачканына карабастан комиссия төлөөдөн бошотулат. Бардык коммерциялык банктар «Элкарт» улуттук карточкасы аркылуу пенсия менен жөлөк пулун чыгаруу учурунда комиссия албоого тийиш. «Бул бардык банктардын POS-терминалдарына жана башка түзүмдөрүнө тийиштүү» деп айтылат токтомдо.

Ушундай эле милдеттенме «Банк аралык процессинг борборуна» да жүктөлдү. Аталган ишкана «Элкарт» улуттук карточкасы аркылуу чыгарылган пенсия, жөлөк пул же иштетилген акчалай процесстер үчүн коммерциялык банктардан комиссия албашы керек.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстандагы 670 миң пенсионердин 55% пенсиясын банктардан, калганы почта бөлүмдөрү аркылуу алат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG