Британиянын премьер-министри Борис Жонсон бейшембинин кечинде реанимация бөлүмүнөн кадимки палатага которулду.
Премьердин кеңсеси тараткан билдирүүдө Жонсон «айыгуунун алгачкы баскычында экени» жана дарыгерлер анын саламаттыгына көзөмөлдү улантып жатышканы жазылган.
Жонсондун саламаттыгы тууралуу кабарды башкы оппозициядагы Лейбористтер партиясынын лидери Кир Стармер кубаттап, тез арада айыгып кетишин каалады:
«Премьер-министр жана анын үй-бүлөсү үчүн абдан кубанычтамын. Алар жеңилдеп калышты. Мен да бул ыкчам айыгуунун башталышы деп чын дилден үмүттөнөм. Менимче бүтүндөй өлкө эли ага жакшылык каалап турат».
Британ өкмөт башчысы коронавирус жугузуп алганы 27-мартта белгилүү болгон. 6-апрелде ал Лондондогу «Сент Томас» ооруканасына жаткырылып, эртеси реанимацияга которулуп, дем алдыруучу аппаратты да колдоно баштаган. Шаршембиде абалы турукташа баштаганы кабарланган.
Борис Жонсон 55 жашта. 2019-жылдын 24-июлунан тартып Британиянын өкмөтүн жетектөөдө. Ага чейин Падышалыктын тышкы иштер министри, Лондондун мэри кызматтарында иштеген.
Акыркы маалыматтар боюнча Улуу Британияда коронавирус жугузуп алган адамдардын саны 65 миңден ашты. Анын сегиз миңге жакыны каза болуп, 135и айыкты.