Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Тажикстанда үч кабат эстакаданын ачылышы жылдырылды


Дүйшөмбүдөгү эстакада. 9-апрель, 2020-жыл.
Дүйшөмбүдөгү эстакада. 9-апрель, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдөгү үч кабат эстакаданын ачылышы кийинкиге жылдырылды.

Долбоордун аткаруучу директору Аброр Музаффаров билдиргендей, январда эстакаданы куруп жаткан кытай жарандары жаңы жыл майрамын белгилеш үчүн мекенине кетип, коронавируска байланыштуу кайра келе албай калышкан.

«Мындан тышкары айрым курулуш материалдары да Кытайдан келмек, бирок чек ара жабылганына байланыштуу жергиликтүү өндүрүштөгү материалдарды колдонууга туура келди», - деди Музаффаров.

Азыр Дүйшөмбүнүн Кара-Боло районундагы эстакадада жол белгилери орнотулуп, жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Буга чейин бийлик үч кабаттуу жолдун ачылышын Нооруз майрамына карата, 20-мартта өткөрүүнү пландап жаткан.

Долбоорду ишке ашырыш үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Тажикстанга насыя берип, 40 миллион долларга жакын техникалык көмөк көрсөткөн. Дүйшөмбүдөгү алгачкы эстакада 2018-жылы сентябрда ачылган эле.

XS
SM
MD
LG