Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Түрмө жетекчилери менен жыйындар онлайн форматка өттү


ЖАМКтын башчысы Мелис Турганбаев онлайн жыйында.
ЖАМКтын башчысы Мелис Турганбаев онлайн жыйында.

Кыргызстандын түрмө жетекчилеринин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы менен жыйындары онлайн өткөрүлө баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта «Эпидемиологиялык абалга байланыштуу ЖАМК эки күндө бир онлайн жыйын өткүрүп, түрмө жетекчилери иш бөлмөсүндө отуруп маалымат берүүдө» деп айтылат.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө бардык абактарда ЖАМКтын борбордук аппараты менен байланышкан видеокамералар бар. Алар аркылуу соттук процесстерди да өткөрсө болот. Соттолгондор менен тергөө алдындагыларды ташып, каражат да, убакыт да коротпосо болот. Соттолгондорду бөлүштүрүүнү да ушундай эле ыкма менен жүргүзүү мүмкүн.

Кыргызстандын абак мекемелеринде абал туруктуу, камалгандар арасында коронавирус жугузду деп шек саналгандар жок экенин ЖАМК 2-апрелде кабарлаган.

Мекеменин маалыматына караганда, абак кызматкерлери беткап менен камсыз болгон, имараттарды дезинфекциялоо иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Медициналык жайларда жана ооруканаларда обсервация бөлмөлөрү даярдалган, №47 колонияда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган.

Эл аралык уюмдар коргонуучу кийимдерин, антисептик жана башка медицина каражаттарын гуманитардык жардам иретинде өткөрүп берген.

23-мартта «Кыйноого каршы коалиция» уюму коронавируска байланыштуу кыргыз өкмөтүнө кайрылып, абактагыларга көңүл бурууга чакырган. «Абакта кармоонун начар шарттары жана ыкчам медициналык тейлөө кызматынын жоктугу» ал жактагы адамдардын жана кызматкерлердин ден соолугу үчүн «катастрофалык кесепетке» алып келиши ыктымал экендиги айтылган.

Ошондуктан коркунучу аздарды, шарттуу түрдө бошотсо боло тургандарды абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу керек экендиги белгиленген.

Жалпысынан Кыргызстандын абактарында тогуз миңдей соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. (RK)

XS
SM
MD
LG