Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:51

Ташкентте төрөт үйү карантинге жабылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкенттеги №6 төрөт үйү ичиндеги кызматкерлери, энелер жана ымыркайлар менен кошо 14 күндүк карантинге алынды. Алар COVID-19 инфекциясын жугузуп алган аял менен контактта болгонун Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Нурмат Отабековдун 9-апрелде билдирди.

«Эгер бул мөөнөт бүткөндө алардан симптомдор табылбаса карантин алынат», - дейт башкы санитардык дарыгер.

Марттын ортосунда Ташкенттеги №1 шаардык клиникалык ооруканага да карантин жарыяланган. Буга пациенттердин бири Түркияга барып келгенин жашырганы, кийин андан анализ алганда коронавирус табылганы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG