Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Президент Жээнбеков Түрк кеңешине чек аралардагы чектөөлөрдү азайтууну сунуш кылды


ТММКнын онлайн жыйыны. 10-апрель, 2020-жыл.
ТММКнын онлайн жыйыны. 10-апрель, 2020-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков пандемиядан улам чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого өз залакасын тийгизгенин айтты. Мамлекет башчысы бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынында билдирди.

«Чек арадагы чектөөлөр мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруусунда кыйынчылыктарды жаратып жатат. Бул илдеттин кесепетинен биздин өлкөнүн бюджети 20% азайышы мүмкүн. Ошондуктан гуманитардык жүк жеткирүүдө, калкты күнүмдүк зарыл товарлар, дары-дармектер жана медициналык жабдыктар менен камсыз кылууда чек араларда тоскоолдуктарды азайтууну сунуш кылам. Азык-түлүк коопсуздугуна кирген товарлардын тизмеси менен алмашып, анын негизинде Түрк кеңешинин товарларынын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу зарыл. Жүк ташуучу транспорттун чек аралар аркылуу өтүшү жана жаралган көйгөйлөр боюнча ыкчам маалыматтар менен алмашуу алгоритмин бекитиш керек», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары Кыргызстандын президенти уюмдун курамындагы мамлекеттердин арасында аталган товарлардын экспорттоодо баасын төмөндөтүү, аларды жеткирүүдөгү административдик жана бажылык алымдарды жеңилдетүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл болорун эскертти. Ошону менен бирге Түрк кеңешинин катчылыгына бирдиктүү онлайн платформа түзүүнү тапшыруу туура экенин айтты.

Ал Түрк кеңешине кирген мамлекеттердин - Өзбекстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын жетекчилерине учурдагы кырдаалда колдоо көрсөтүп жатышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле коронавирустун дүйнө жүзүнө жайылышы жана бул кырдаалдын созулушу көп тобокелчилик жаратып жатканын кошумчалады.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйыны бүгүн, 10-апрелде видеоконференция форматында өттү.

Анда коронавирус илдетинин жайылышына каршы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн чогуу аракеттенишинин маселеси талкууланды.

Видеоконференция форматындагы жыйынга Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышты.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG