Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бул тууралуу 10-апрелде эскертти. Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында жана аба-ырайынын туруксуздугуна байланыштуу көрүлгөн чара.
“Жарандардын массалык мал айдоо аракети өзгөчө кырдаалдын тартибин бузат. Жарандардын топтолуусуна жана байланышына шарт түзөт. Мындан тышкары тоолуу аймактарда жана жайыттарда аба ырайынын төмөндөшү күтүлөт”, деп билдирди өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова.
Анын айтуусунда жайлоого мал айдоонун мөөнөтү тууралуу кошумча маалымат берилет.
Баткен облусунда 151 миң бодо мал, 510 миң майда жандык, 8000 жылкы бар.(ZKo/JsA)