Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

ИИМ: 11-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 85 киши бузду


Сузак району. Иллюстрациялык сүрөт.
Сузак району. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын 85 киши бузду.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында - 57, Ош шаарында - 7, Жалал-Абад шаарында - 14, Сузак районунда – 4, Кара Суу районунда – 3 адам кармалды. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен бошотулду. 10 автоунаа айып токтотмосуна коюлду. Ал эми Ноокат районунда тартип бузуу катталган жок.

Жалпысынан өзгөчө абал киргизилген 25-марттан тарта 2327 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып кайра коё берилди.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00 - 7:00 аралыгында көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек.

Ички иштер министрлиги өлкөнүн, жеке жана жакын адамдардын коопсуздугу үчүн жарандар карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого жана коменданттык сааттын талаптарын бузбоого милдеттүү экенин эскерткен.

Мындан тышкары жарандарды социалдык тармактар жана Интернет
аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG