Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Кыргызстанда 1400гө жакын киши өлкө жарандыгын алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө беш жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Үч жарлыкка ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 1338 адам кабыл алынды (анын ичинен 1031 — чоң адамдар жана 307 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Эки жарлык менен 900 адам (анын ичинен 690 — чоң адамдар жана 210 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG