12-апрелде күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда да кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 3…8;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 17…19 градус болот.