Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:06

Электр кубатына карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлбөйт


Энергетиктер.
Энергетиктер.

Өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында энергетикалык компанияларга карызы бар абоненттердин электр жарыгын өчүрбөө жана ысык суунун берилишин токтотпоо тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди.

Маалыматка караганда, 9-апрелде калың түшкөн кардан, шамалдан дарак жана устундар кулап, электр өткөрүүчү линиялары үзүлгөн. Анын натыйжасында Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында 40 авариялык өчүүлөр болгон.

Ушу тапта электр энергиясы жана ысык суу менен камсыз кылуу штаттык режимде жүргүзүлүүдө. Ошондой эле күнүгө өлкө боюнча энергетика түйүнүндө авариялык өчүрүүлөр болуп жатканы эскертилди.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.(BTo)

XS
SM
MD
LG