Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда стационарда коронавирус жуктурган 318 киши жатат. Алардын ичинен 11 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда.
12-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 38 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 377 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө.
Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 119, Чүй облусунда – 21, Баткен облусунда – 4, Ош шаарында – 54, Бишкек шаарында – 59, Нарын облусунда – 25, Ысык-Көл облусунда – 6 учур катталды. Алардын 201и – аял, 176сы – эркек
COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жаш курагы:
15 жашка толо электердин саны - 38;
16-19 жаштагылар - 12;
20-35 жаштагылар - 90;
36-55 жаштагылардын саны - 141;
56 жана андан улуулардын саны - 96.
COVID-19 вирусу жуккандардын 63 медицина кызматкерлери. Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 54 бейтап айыгып чыкты. (BTo)