Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Адамдын космоско учканына 59 жыл толду

Ысык-Көл (үстүңкү сол бурчта) жана Эл аралык космос бекети. Сүрөт «Атлантис» кемесинен тартылган, 8-сентябрь 2000-жыл.
Ысык-Көл (үстүңкү сол бурчта) жана Эл аралык космос бекети. Сүрөт «Атлантис» кемесинен тартылган, 8-сентябрь 2000-жыл.

Туура 59 жыл мурда адамзат тарыхында советтик учкуч Юрий Гагарин биринчи жолу космоско учкан. Ал 1961-жылдын 12-апрелинде Казакстандагы Байкоңур космодромунан «Восток-1» космос кемеси менен учуп, космосто 108 мүнөт болгон. Гагаринге чейин 1960-жылы космоско эң биринчи Белка жана Стрелка аттуу иттер чыгарылган. Алар космосто 25 саат болушкан.

Советтик алгачкы космонавттар отрядына Гагарин менен бирге жалалабаддык эки учкуч Марс Рафиков жана Валентин Варламов кирген. Ал эми советтик космонавттар Чүйдө атайын даярдыктан өтсө, космостон кайткан соң Ысык-Көлдө ден соолугун чыңдашкан.

12-апрель 1968-жылдан бери эл аралык дата катары белгиленип, Авиация жана космонавтика күнү деп аталат.

Кыргызстандан космоско учкан алгачкы учкуч - Салижан Шарипов. Ал 1998-жылы Галактика менен жакындан таанышкан.

Космонавтикага кыргызстандыктардын кошкон салымы тууралуу бул жерден кеңири окуңуз.

XS
SM
MD
LG