Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Касымалиева: Ошто коронавирус жуккан дарыгерлердин абалы начар


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Ош шаарында коронавирус жуккан дарыгерлердин абалы күндөн күнгө начарлап баратканын, көбү жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканын билдирди.

Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде «дарыгер ажы тойго барып вирус жугузган» деген маалыматты берген аткаминерлер жазасын алышы керек экенин айтты. Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралаарын, өкмөткө жана республикалык штабга кат жибергенин кошумчалады.

«Кан аралаш жөтөлүп жаткан дарыгерлер бар экен. Сүйлөй албай калгандары бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. «Бизди акчасы да, эч нерсеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды, аброюбузду коргоп бергиле!» - деп ыйлашты. Баары эле өмүр бою иштеген дарыгерлер», - деди Касымалиева.

12-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 63 медицина кызматкерине жукту. Алар - дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана санитарлар.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелде онлайн-брифингде дарыгерлердин бири умрага барып келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жугузуп алганы тууралуу маалымат келип түшкөнүн айткан.

Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын медицина кызматкерлери бул маалыматты четке кагып, айтылган сөздөргө нааразы болгон 20 дарыгер кол койгон кайрылуу социалдык тармактарга жарыяланган. Анда алар оорукана жетекчисин «өкмөткө жалган маалымат берип жатат» деп айыпташкан. Ош облусундагы медкызматкерлердин ооруну топ-тобу менен жугузуп алышы боюнча билдирүүнү комиссия иликтеп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG