Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:14

ТИМ: Новосибирскиден чартердик каттам болбой калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Новосибирскиден Бишкекке учак күткөн кыргызстандыктардын келиши белгисиз мөөнөткө калды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 11-апрелге белгиленген «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек-Новосибирск багытындагы чартердик рейси болгон жок.

Бул тууралуу башкы консулдуктун кызматкерлери, Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасынын жигердүү мүчөлөрү, Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы миссиясынын өкүлдөрү жана Новосибирск шаарындагы мейманканаларда Кыргызстанга кетишин күтүп жаткан 132 кыргыз жараны катышкан жолугушууда маалым болду. Анда Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада мекенге авиакаттамдар болбой тургандыгы кабарланды.

132 адамдын жатаканасын ЭМУ каржылап бермей болгону, тамак-ашы кыргыз диаспорасынын жардамы менен уюштурулары айтылды.

132 кыргызстандык Новосибирскидеги мейманканаларга убактылуу жайгаштырылганын 3-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлаган. Алардан тышкары алты кыргызстандык 26-мартта транзиттик зона аркылуу уча албай калган.

31-мартта коронавируска байланыштуу Новосибирск облусунда адамдардын көчөгө чыгышына убактылуу тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG