Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

13-апрель: Коронавирус дагы 42 адамга жукту (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуккан дагы 42 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Жаңы аныкталгандардын аймактар боюнча саны төмөнкүдөй:

Бишкекте – 10
Ош облусунда – 9

Нарын облусунда – 9

Чүй облусунда – 6
Ош шаарында – 5
Жалал-Абад облусунда – 2
Баткен облусунда – 1

Талас - 0

Жалпысынан 13-апрелге карата бул илдет жуккандар 419 болду, каза болгондордун саны - 5, айыгып чыккандар - 67.

419 адамдын эң көбү Ош облусунда, 128 адам катталды. Андан кийин Жалал-Абад облусунда 91, Бишкек шаарында 69, Ош шаарында 59, Нарын облусунда 34, Чүй облусунда 27, Ысык-Көл облусунда 6, Баткен облусунда 5 адам илдет жугузган.

Илдетти жугузуп алгандардын арасынан 79 адам медицина кызматкерлери.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG